Печать
Категория: Коом
Просмотров: 138

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талашы тынчтык жолу менен чечилерине ишенерин билдирди. Бул тууралуу ал 2-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Чолпон-Ата шаарында жолукканда айтты.

"Тажикстан менен чек ара маселеси сүйлөшүүлөр аркылуу, тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечилерине ишенем", – деди Гутерриш. Чек ара маселелерин чечүүнүн жакшы мисалы катары ал Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо иштеринин аяктаганын атады.

Антониу Гутерриш Кыргызстанга 1-июль күнү кечинде келди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Гутерриш Борбор Азия сапарын 30-июнь-1-июль күндөрү Өзбекстандан баштаган. 3-июлда Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталган соң Казакстанга барат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар болуп келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада эки мамлекет кандуу кагылышууга барган.