Печать
Категория: Коом
Просмотров: 630

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз ишинин жүрүшүндө "УКМКнын төрагасы менен жана мурдагы башкы прокурору менен байланышым бар" деп алдап, А.Г.Э. аттуу жарандан, күйөөсүнө карата соттун оң чечими үчүн 8 миң АКШ доллар акча каражатын талап калган адамдар кармалды. 

Кармалган Т.Т.га мурда алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал жабырлануучу А.Г.Э.ге моралдык - психологиялык басым көрсөткөн. Ал эми жабырлоочулардын экинчиси К.И.А. өзүн Камчыбек Ташиевдин жээнимин деп тааныштырып, мурдагы башпрокурор Курманкул Зулушевдин өкүл баласы, учурдагы башпрокурор М.Асаналиев менен дагы байланышы бардыгын айтып, бул байланыштары аркылуу А.Г.Э.нин күйөөсүнө карата сот чечимине таасир бере алаарына, аны түрмөдөн куткарып калууга мүмкүнчүлүгү бардыгына ынандырууга аракеттенген. 

Ошентип, 27-июлда акчалай сый акынын бир бөлүгүн алгандан кийин жогорудагылар кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.