Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюму атындагы чоку пайда болгонун президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Чолпон-Ата шаарында болгон жолугушуусунда айтты.
Садыр Жапаров Кыргызстанда 159 чоку жана 9959 мөңгү бар. Акыркы 50 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн саны 1262 чарчы чакырымга азайганын белгиледи.
Ошондой эле БУУга урмат катары, мөңгүлөрдүн көйгөйлөрүнө чоң көңүл бургандыгы үчүн, ошондой эле бүткүл дүйнөдө тынчтыкты сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган бардык аракеттери үчүн Кыргызстандагы чокулардын бирин БУУнун атынан атоону чечишкенин айтты.
"Мен жарлыкка кол койдум", - деди Садыр Жапаров.
Бул чоку Чолпон-Атадагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жанындагы Сары-Жаз тоосунда жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрди түзөт.