Печать
Категория: Коом
Просмотров: 216

Ноокаттагы селден жабыркагандар үчүн Казакстан гуманитардык жардам жөнөттү. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кошуна өлкөдөн азык-түлүк жана тиричилик буюмдары салынган учак 1-июлга караган түнү келди. Гумжардам качан жана кандай шартта бөлүштүрүлөрү тууралуу азырынча маалыма берилген жок.

Ош облусунун Ноокат районунда 28-июндагы селде бир үй-бүлөдөн тогуз киши набыт болду. Дагы бир адам изделүүдө. Көз жумгандардын төртөө казакстандыктар. Табият кырсыгынан улам райондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Ош-Баткен жолундагы көпүрө бузулуп, автоунаалар айланма жолдон каттап жатышат.

30-июндагы селде Кара-Кулжа районунда үч адамдын өмүрү кыйылып, бир киши дайынсыз болууда.

Өткөн аптада Баткен облусундагы Кадамжай районунда беш жашар бала селге агып каза тапкан. Жалал-Абаддын Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан болушу мүмкүндүгүн, тоолуу аймактарда сел коркунучу бар экенин эскерткен.