Печать
Категория: Коом
Просмотров: 225

1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча чечим чыгарды.

"Азаттыктын" отурумга катышып жаткан кабарчысы билдиргендей, судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти басып алууга чакырык жасоо") менен "күнөөлүү" деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыратты. Экинчи 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Массалык башаламандыктарга чакыруу") боюнча сот активистти актады.

Прокурор Аскат Жетигенди "күнөөлүү" деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси менен төрт жыл, "Массалык башаламандыктарга чакыруу" беренеси менен алты жыл чегерип, жалпы сегиз жылга абакка кесүүнү сураган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти басып алууга чакырык жасоо") менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Массалык башаламандыктарга чакыруу") менен козголгон.