Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Катуу шамал учурунда унааны имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотууга, электр чубалгылары турган жерге барбууга болбостугун эске салабыз.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышуу керек.