Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында селден улам жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүгө 42 куткаруучу чыгып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар тобун ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жетектеп кетти. 42 куткаруучунун 13ү Кезарт жайлоосуна чыгып кетишти.
Учурда Ноокаттын сел жүргөн аймагында 46 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүүдө. Ал эми 18 куткаруучу селдин кесепеттерин жоюу иштерине тартылды. Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдор департаментинен тартылган 5 адис сел жүргон аймакта изилдөө иштерин жүргүзө баштады.
Эске салсак, 28-июнда, саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун аймагында катуу сел жүргөн. Анын натыйжасында жолдор, көпүрөлөр бузулуп, сел суусу электр мамыларын агызып кеткен. Тилекке каршы сайда суунун жээгинде эс алып жүргөн адамдарды агызып кетип, анын бешөөнүн сөөгү табылып, дагы бирин издөө иштери уланууда.