Печать
Категория: Коом
Просмотров: 519

"Америкалык ыр сынагы -2024" Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларынын арасында өткөрүлүп, америкалык ырларды англис тилинде мыкты аткарган 12 жеңүүчүнү Бишкек шаарында финалдык Гала концерттик таймашууга тандап келди.  

АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин маалыматына караганда, иш-чара 28-июнда болот. 

Убактысы: 18:00-20:30

Өтүүчү жайы: Ынтымак 2 сейил багы (Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде)

"Америкалык ыр сынагы" "Lingua" Инновациялык Билим берүү Коомдук Фонду тарабынан ишке ашырылып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу жана АКШ элчилигинин каржылоосу менен өткөрүлөт. Программанын алкагында орто мектептин 9-11 класстарынын окуучулары англис тилинде америкалык ырларды ырдап, финалдык концертке чейинки мелдеште тандалып келишти. Бул программанын негизги максаты бул - кыргыз жаштарын англис тилин америкалык музыка жана маданият аркылуу окууга шыктандыруу жана ощондой эле орто мектеп мугалимдерин англис тилин окутууда чыгармачыл ыкмаларын колдонууга үндөө болуп эсептелет.

Программа төрт аймактан Бишкек шаары, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынан ачык чакырык жарыялоо менен 900дөн ашык видео-арыздарды кабыл алды. Финалдык концерттин калыстар тобу белгилүү аткаруучу Кайрат Примбердиев, АКШнын Кыргыз Руспубликасындагы элчилигинин жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн.