«Бишкекгаз» газ кызматы орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 1-3-июль күндөрү борбор шаардын бир катар көчөлөр менен чектелген районунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт.
Анда айтылгандай, жогоруда белгиленген көчөлөр: Куттубаев, Токомбаев, Айтиев жана Жетикашкаев.
"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз", - деп айтылат маалыматта.