Печать
Категория: Коом
Просмотров: 366

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдайт.

"Азыркы учурда, комитет бүткүл өлкө боюнча баңги заттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Заманбап синтетикалык дары - бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу "капкан". Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат", - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шаар тургундарын баңгизаттарды жана психотроптук заттарды таратууга байланышкан бардык белгилүү фактылар боюнча : 0312-66-04-75 ишеним номурлары  аркылуу билдирүүгө чакырат.