Кытайда «Кыргызнефтегаз» ААК менен «Инженеринг Дриллинг Компани СИБУ» компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Н.Н. Нишанов иш сапары менен Кытайдын СУАР Үрүмчү шаарында болду. Сапардын жүрүшүндө мунай-газ тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.
«Кыргызнефтегаз» ААК менен «Инженеринг Дриллинг Компани СИБУ» компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү, ага ылайык тараптар Кыргыз Республикасынын мунай жана газ кендерин чалгындоо жана иштетүү боюнча биргелешип иш алып барышат.
Ошондой эле тараптар биргелешип капиталдык оңдоолорду жүргүзүү, пласттарды гидрожардыруу (ГРП), скважиналарды кислота менен тазалоо ж.б. ыкмалар менен эски скважиналардан мунай өндүрүүнү интенсивдештирүүнү максат кылууда. Мындан тышкары тереңдиги 4000 метрден ашкан терең скважиналарды бургулоо пландаштырылды.
Бул маанилүү документ өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Кытай өлкөсүнүн өз ара мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоого маанилүү кадам болуп саналат.