Печать
Категория: Коом
Просмотров: 243

Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып дарыгерлердин айлык акысы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Айтымында, орто медициналык персоналдын эмгек акысы болсо 20 пайызга, кенже медициналык персоналдын эмгек акысы 10 пайызга жогорулайт.

"Министрлик медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу боюнча түз иштеп баштайт. Биз штаттык расписаниени, түйшүк салмагын кайра карап чыгабыз. Оптимизация болгондон кийин биринчи этап менен врачтардын айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Эгерде эки жыл ичинде анын жыйынтыгын ала алсак, анда айлык акылар дагы көтөрүлүшү мүмкүн", - деди министрдин орун басары.