Печать
Категория: Коом
Просмотров: 827

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде өзүнүн атын сатып, "мен анын жакыны, тууганы болом" деп аткаминерлерди алдап, жеке маселесин чечкен адамдар тууралуу айтты. 

"Коррупция жок деген өлкөлөрдө деле 5-10 пайыз коррупция болот экен. Себеби пенде экенбиз да. Акчаны көргөндө жолдон адашат экенбиз. Бирөөнү кармап камап атсаң экинчиси ала берет экен, экинчисин кармап камап атсаң үчүнчүсү ала берет экен. Менин атымды сатып, жакын тууганы болом деп өз кызыкчылыгына иштегендер болот экен. Анын баары мага кечирээк жетип калып жатат. Бирок андайлардын баарын аяп олтурбастан дароо камагыла деп буйрук берип, каматып коюп жатам. Биздин менталитетке жараша болсо керек. Тилекке каршы, жакын тууганымын же жакын таанышымын десе эле ишене берген адамдар көп болот экен. Тескерисинче, ошондой аферисттерге ишенбеш керек экенин билишпейт. 2020-жылы жана андан кийин деле канчалаган кишилер келип мени менен сүрөткө түшүшкөн. Алар миңдеп саналат. Ошол сүрөттөрүн көтөрүп алып айрым чиновниктерди коркутушат экен. Мына көрдүңбү? Мен жакыны болом, баланча маселемди чечип бер деген сыяктуу. Учурдан пайдаланып айтып коеюн. Жардам бермек түгүл ошондойлорду кууп чыккыла демекчимин. Же социалдык түйүндөр аркылуу андай аферисттерди мага билдиргиле. Мен өзүм жазасын берем.

Азыр эми ошондойлорго кантип бөгөт коюунун үстүндө иштеп жатам. Акыры мындайларга дагы чекит коюуга жетишебиз. Анткени бажы менен салык тармагы республикалык бюджеттин дээрлик 90 пайызын түзүүчү тармактар. Бул эки тармакка катуу көзөмөл кылбасак болбойт", - деди өлкө башчы.

Ошондой эле, коррупциялык көрүнүштөрдүн жоюулушу карапайым элдин жашоо деңгээлинин көтөрүлүшүнө салымын кошуп жатканын белгилеген. 

"Бизде жакыр жашаган үй-бүлөлөр көп. Мен бийлик башына келген убакта 111 миң үй-бүлө жакыр жашайт эле.

Мамлекеттен жөлөкпул жардам берилип турган экен. Азыр алардын саны кыскарып, 81 миң үй-бүлө калды. Кудай буюрса, алдыда келе жаткан 5-10 жылда баарын жоёбуз деген планыбыз бар.

Былтыр 10 миң үй-бүлөгө жүз миң сомдон жардам берилсе, быйыл 2024-жылдын аягына чейин 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон жардам беребиз. Ушинтип жылда улантып жүрүп олтуруп, Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүктү жок кылабыз", - деген Садыр Жапаров.