Печать
Категория: Коом
Просмотров: 527

УКМК жетекчилиги менен байланышка жамынып, 550 миң АКШ долларын опузалап талап кылган КР жана Казакстан Республикасынын жараны кармалды, деп билдирди атайын кызмат. 

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, 2024-жылдын 19-июнунда КР жараны  А.Э.Н. жана Казакстан Республикасынын жараны П.И. кармалды.

Аталган жарандар КР УКМКнын жетекчилиги менен тыгыз байланышыбыз бар деп алдап, уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбек жана ага тиешеси бар адамдар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн, опузалап акча талап кылуу жолу менен чет элдик инвестордон 550 миң АКШ долларын алышкан. 

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында кармалган жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.