Печать
Категория: Коом
Просмотров: 167

20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев белгилегендей, мыйзам долбоору ички карама-каршылыктарды четтетүүгө, мамлекеттик жана расмий тилдердин ортосундагы шайкештикти келтирүүгө, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткарууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы  №49 «Ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыгуусун жогорулатуу жөнүндө», «2024-2034-жылдары Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» 2024-жылдын 25-мартындагы №81 Жарлыктарын ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмаларын аткарууга багытталган.

Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 25-октябрындагы чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан.