Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы айылдардын аталышы өзгөрөт. Бул тууралуу токтом долбоор коомдук талкууга чыгарылды.
Өзгөргөн айылдардын тизмеси жаңы аталышы төмөнкүдөй:
- Аксы районундагы Таштак айылы — Малкалды айылы;
- Ноокен районунун Параканда айылы — Баракелде айылы;
- Кочкор районунун Большевик айылы — Баялы Исакеев айылы;
- Бакай-Ата районунун Ынтымак айылы — Шадыкан айылы;
- Манас районунун Новодонецк айылы — Айтматов айылы;
- Талас районунун Козучак айылы — Жанкороз-Олуя айылы;
- Талас районунун Балбал айылы — Жаныбек-Баатыр айылы;
- Москва районунун Чоң-Арык айылы — Сыйдалы айылы;
- Ак-Суу районунун Теплоключенка айылы — Ак-Суу айылы.