Печать
Категория: Коом
Просмотров: 279

21-июнда Караколдо алгач жолу Go Viral фестивалы өтөт. Ал АКШнын Бишкектеги Элчилигинин колдоосунда уюштурулууда. Иш чара медиа, бизнес, маданият жана технология жаатындагы эксперттер менен активисттердин башын бириктирет. 

Фестивалда иш чаранын уюштуруучулары креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Идеялар, ошондой эле бизнес жана маданий инновациялар менен алмашууга аянтча түзүлөт.

Go Viral чогулткан спикерлер менен эксперттер төрт тармактын призмасы аркылуу туруктуу туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү маселелерин талкуулашат. Караколдун ишкерлери креативдүү бизнести жүргүзүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Катышуучулар Сабина Темиралиева менен биргеликте бизнести, жеке брендди социалдык тармактарда илгерилетүүнүн заманбап стратегиялары тууралуу маалымат алышат. НАСАнын мурдагы окумуштуусу, Arusha Space LLC компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору, доктор Камилла Уордроп Аллейн менен бирге шыктандыруучу сессияга сүңгүшөт. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен “галстуксуз” баарлашышат.

Күнү жана убактысы: 21-июнь, саат 13:00

Өтүүчү жайы: Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Тыныстанов көчөсү 32, Каракол, Кыргызстан.

Go Viral Festival & Network — бул жыл сайын өтүүчү аймактык фестиваль жана Борбор Азия өлкөлөрүндө медиа, бизнес, маданият, технология тармактарынын өкүлдөрүнүн нетворкингин жана жамаатын түзүү үчүн аянтча. Долбоор АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланууда жана АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Дипломатиялык миссиялары тарабынан колдоого алынган.

 2021-жылдын октябрынан тарта долбоорду Борбор Азиядагы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) ишке ашырууда.