Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну Э.Ж. аттуу өспүрүмдү сел алып кеткен.
Анын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 19:10до табылып, жакындарына өткөрүлүп берген.
Эске салсак, кечээ, 17-июнда саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон топтолгон сел жүргөн.