Печать
Категория: Коом
Просмотров: 216

Кечээ, 17-июнда кечки саат 17:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жана Момбеков айылында сел кырсыгы катталганын президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда айтылгандай, сел суулары Ош — Бишкек унаа жолун жана бир катар турак жайларды каптаган.

Абалды жөнгө салуу жана кесепеттерин жоюу иштерин президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев көзөмөлгө алып, тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.