Печать
Категория: Коом
Просмотров: 309

Футбол боюнча улуттук команда Бишкекке кайтып келди. Аларды Кыргыз футбол союзунун имаратынын жанында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, журналисттер жана күйөрмандар тосуп алышты. 

Эдил Байсалов сөз сүйлөп, бул утуш атамекендик футбол үчүн маанилүү окуя болгонун, ал Кыргызстандагы футболдун өнүгүшүнө стимул болуп берээрин белгиледи. 

Андан соң футболисттер күйөрмандары менен сүрөткө түшүшүп, топторго кол тамга коюшуп, таратышты. 

Белгилей кетсек, улуттук футбол командасы Оман курама командасы менен беттеште 1:1 эсебинде тең чыккан. Бул кыргыз футболисттерине Азия Кубогу - 2027 оюнуна жолдомо алууга өбөлгө болду. Аны менен катар Кыргызстан тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпиону - 2026нын тандоо оюнунун үчүнчү туруна өтө алды.