Печать
Категория: Коом
Просмотров: 165

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарына үйлөрүн газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыядан пайдалануу уникалдуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө. «РСК Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААК жылдык 8%га каржылоону сунуштоодо. Тиешелүү Тескемени КР Министрлер Кабинети кабыл алган.

Программанын негизги шарттары:

Пайыздык чени: Бишкек ш. жана Чүй облусунун жашоочуларына жылдык 8%

· Насыянын суммасы: 150 000 сомго чейин

· Насыянын мөөнөтү: 24 айга чейин

· Камсыздоо: күрөөсүз жана кепилдиксиз

Насыянын максаттары: Толугу менен газдаштыруу (газ өткөргүчтөрү, газ отказаны).

Насыяны алуу процесси:

· Үйдүн ээсинин паспорту жана үйдүн техникалык паспорту менен сайт аркылуу же «Газпром Кыргызстан» Калкты тейлөө борборлорунда газга кошулууга билдирме калтырыңыз;

· Адистер объектти иликтеп чыгып, үйдү коопсуз газдаштыруу боюнча чиймени жана сметаны даярдашат;

· Чийме менен сметаны «Газпром Кыргызстан» Калкты тейлөө борборунан алып кетиңиз;

· Паспортуңузду, киреше жөнүндө документтерди, укук берүүчү документтерди, сметалык эсепти жана материалдарды сатып алууга эсепти көрсөтүү менен Банкка насыя алууга арызыңызды тапшырыңыз;

· Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин үйдү газдаштыруу боюнча жумуштар аткарылат.

Сунуш:

«Газпром Кыргызстан» үйдү газдаштырууга арыздарды жайкы мезгилде берүүнү сунуштайт, анткени ушул убакта компаниянын КТБларында узак кезектер жок, кезектер жыл сайын августтун экинчи декадасынан тартып жарала баштайт.

Кененирээк маалымат булар аркылуу жеткиликтүү:

Кыштын камын көрүп, «РСК Банктан» жана «Айыл Банктан» жеңилдетилген насыялоонун жардамы менен үйүңүздү дагы да жылуу жана жайлуу кылууга жетишиңиз!