Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форумунда бул жылы 10 миң айтишникке мамлекеттик тапшырык кылуу пландалып жатканын билдирди.
"Бул жылы биз жогорку билимдүү 5 миң айтишникке жана кесиптик-техникалык окуу жайларын жана техникумдарды аяктаган 5 миң айтишникке мамлекеттик тапшырык кылалы деп атабыз", - деди.
Ал башка өлкөлөр менен салыштырганда бул жаатта Кыргызстандын көрсөткүчү жакшы болбой жатканын белгиледи.
"Учурда АКШда айтишниктердин саны 4 миллиондон ашат, Индияда 3 миллиондон ашуун. КМШ өлкөлөрүнүн арасында азырынча алдыда Белорусия баратат, анда 2022-жылы 105 миң айтишник катталган. А биздин көрсөткүч аз, айрыкча жогорку окуу жайын бүтүргөндөр боюнча", - деди Жапаров.