Печать
Категория: Коом
Просмотров: 266

6-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов Баку шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын жыйынында баяндама жасады. 

Тагыраагы, ТүркПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы катары боордош мамлекеттер ортосунда эмгек миграциясынын шарттарын жеңилдетүү тууралуу сөз кылды. 

Ушул жылдын май айында өзү жетектеген комиссиянын 11-жыйыны Анкара шаарында өткөрүлгөнүн эске салган Улан Бакасов анын алкагында миграция тармагына тиешелүү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган сунуштар иштелип чыкканын белгиледи.

“Себеби миграция бардык мамлекетке таандык маанилүү маселе. Андыктан, миграциялык агымдын себептерин, анын экономикага тийгизген таасирин, кесепеттери менен артыкчылыктарын талдап, керектүү иштерди алып баруубуз кажет”, – деди депутат. 

Ошондой эле 2020-жылы дүйнө жүзүндө болжол менен 281 млн эл аралык мигрант катталганын маалымдаган Улан Бакасов: “Бул дүйнө калкынын 3,6%ын түзөт. Бул сан 1990-жылдагыдан 128 миллионго жана 1970-жылдагы болжолдуу сандан үч эсеге жогору”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар ТүркПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясы тарабынан сунушталган демилгелерге токтолуп: “Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуубуз зарыл. Мындан тышкары, алардын ишине керектүү шарттарды түзүү менен улгайганда татыктуу пенсия алуусуна да кам көрүү негизги маселе”, – деди.