Печать
Категория: Коом
Просмотров: 284

Бүгүн, 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзия футбол командаларынын беттешинин өтөөрү күтүлүүдө. Анын алдында, кечээ 5-июнда  Кыргызстандын курама командасынын расмий машыгуусу болду.

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуу башталар алдында Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев футболчулар менен жолугушуп, алдыдагы беттеште ийгилик каалады.

"Эртең бизди абдан маанилүү оюн күтүп турат. Сиздердин оюн күйөрмандарга өлкөбүздүн футболунун жаркын келечегине болгон үмүт тартуулайт. Азыр сиздерди жалпы өлкө карап турат. Ошондуктан эртеңки беттеште сиздер жеңишке жетишип, Азия Кубогуна жолдомо аласыздар жана дүйнө чемпионатынын кийинки раундуна өтө аласыздар деп ишенем", - деди Камчыбек Ташиев.