Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

Возможно, это изображение 11 человек и текст

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасынын кызматкерлери салтанаттуу түрдө эки кызматкерди ардактуу эс алууга узатышты.

Белгилей кетсек, милициянын полковниги Кубанычбек Насыркулов жана милициянын капитаны Нурбек Осмоналиев өмүр бою ички иштер органдарында анын ичинен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызмат өтөп келишкен.

ЖКККББнын басма сөз кызматы белгилегендей, салтанаттуу иш-чарада башкы башкармалыктын Атайын ротасынын командири ардактуу эс алууга узап жаткан ардагерлерге жалпы өздүк курамдын атынан куттуктады. Аларга бекем ден соолук, үй -бүлөлүк бакыт жана кажыбас кайрат каалоо менен башкармалыктын атынан даярдалган ак калпак менен кыргыз кемселин кийгизишти.