Печать
Категория: Коом
Просмотров: 519

Бүгүн, 3-июнда башпрокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени белгилүү болду. Журналист Шамурза Борукулов "Зулушев элге жакын болууга аракет кылды" деп эсептейт. 

"Чындыгында, мен анын жасаган иштерин жакшы билбегендиктен, бул - бул кадамдары туура болду деп так айтып бере албайм. Бирок ал эл кыдырып чыккан убактагы бир жолугушуусуна катышып калдым. Элдин бардык суроолоруна сабаттуу жооп берип, арызданган адамдардын маселелерин жардамчыларына, райондун прокуратурасына дайындап жатты. Эч бир адамды нараазы кылбай, маселелерди ордунда чечип бергенин өз көзүм менен көрдүм. Сөздөрүнөн кынтык таппайсың. Азыркы көп кызмат ээлеп олтургандардын, өкмөт адамдарынын, айрым депутаттардын сүйлөгөнүн угуп көңүлүң айныйт эмеспи.

Андан тышкары Зулушов тууралуу эч бир бийликтин убагында жаман сөз уккан эмесмин. Ташиев, Жапаров, Келдибеков, Мамытовдорду Атамбаевдин арам сотторунан куткарып калган. Кыскасы, прокурор десе прокурорго, сот десе сот адисине куп жарашкан адам. Азыркы заманда Зулушовдой адамды табыш кыйын го? Ал жөнүндө оюм жакшы, аны сыйлайм", - дейт Борукулов.