Печать
Категория: Коом
Просмотров: 165

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Казакстандагы иш сапары Алматы шаарында жайгашкан Өчпөс от мемориалына гүлчамбар коюу менен башталды.

Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.

Эскерте кетсек, бүгүн Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындары өтөт.

Жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.