Печать
Категория: Коом
Просмотров: 302

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кетти. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун маалыматына таянып ММКлар жазышууда.

Алагөзов учурда президент Садыр Жапаров прокуратура системасындагы кызматкерлердин ичинен башкы прокурорлукка талапкерди карап жатканын билдирген.

Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматына 2020-жылдын октябрь айында дайындалган.