Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

31-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Меморандумдун максаты – Жогорку Кеңештин институционалдык өнүгүүсүн бекемдөө жана адам ресурстарынын кесиптик потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Тагыраагы, парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев аталган окуу жай мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинен Аппараттагы адистердин потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө колдоо көрсөтүп келе жатканын белгиледи.  

“Бул меморандумдун алкагында дагы бир топ иштер жасалып, керектүү долбоорлор ишке ашырылат деген ишеничтемин” – деди Алайбек Алымбаев.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев да бардык багытта кызматташууга даяр экенин билдирди.