Печать
Категория: Коом
Просмотров: 543

2024-жылдын 31-майында КР УКМК кызматкерлери, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Бишкектеги «Оберег» реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын «Балдарды коргоонун эл аралык күнү» менен куттуктады.

Буга чейин, КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин дарегине "Оберег" реабилитациялык борборунун кызматкерлери кайрылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан борборго мүмкүн болгон жардамды көрсөтүүнү суранышкан.

"Оберег" реабилитациялык борбору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга коррекциялык жардам көрсөтүүгө жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди жүзөгө ашырат. 

Учурда “Оберег” РБда 50 тарбиялануучу бар, анын ичинен 20 адам 24 сааттык тайпада (5 жана 7 күндүк). Ал эми 8 адам туруктуу жашайт (2 жетим бала реабилитациялык борбордун толук камкордугунда).

Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде КР УКМК тарабынан реабилитациялык борборго материалдык жардам көрсөтүлдү.

КР УКМК кызматкерлери комитеттин жетекчисинин жана кызматкерлеринин атынан аталган борбордун тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырып, акчалай жардам көрсөтүштү. Ошондой эле тарбиячылардын жана мугалимдердин (психологдор, дефектологдор, логопеддер) ишинин өзгөчөлүгү эске алынып, аларга кошумча акчалай сыйлыктар берилди.

Өз кезегинде «Оберег» РБнын жетекчилиги жана кызматкерлери КР УКМК жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чаранын соңунда «Оберег» РБнын жамаатына, окуу жылынын башында КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев аталган борборго жеке өзү келип, алардын жумушуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү пландап жаткандыгы айтылды.

Возможно, это изображение 3 человека Возможно, это изображение 15 человек и текст Возможно, это изображение 3 человека и люди танцуют Возможно, это изображение 3 человека и текст