Печать
Категория: Коом
Просмотров: 337

 УКМК тарабынан Чек ара кызматы менен биргеликте ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз түрдө товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүү аракети токтотулду.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 31-майында “Чоң-Капка авто-жол” контролдук өткөрүү пунктунда А.К.А., С.к.Ж., С.К.А.лардын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Атего» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаалардын ичинен тиешелүү документтери жок 20 миллион сомдон ашык суммадагы текстиль буюмдары жана башка материалдык буюмдар табылды.

Учурда бул факты боюнча аталган мыйзамсыз жосундун шериктерин жана милдеттүү салыктарды, башка чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.