Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1169

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине арналган эл аралык  форумга катышты. 

Ал сөз сүйлөп жатып Садыр Жапаров бийликке келген үч жылда буга чейин өзүнүн функцияларын жана эл алдындагы милдеттерин аткаруудан калган мамлекеттик машинаны жүргүзгөнүн белгиледи. 

"Садыр Жапаров элдин колдоосуна таянып конституциялык реформа жасады, жасалма парламенттик үлгүдөн баш тартты жана президенттин администрациясынан тартып айыл өкмөтүнө чейин мамлекеттик бийликтин бутактарын бекемдеди.

Президенттин Кыргызстанды өнүктүрүү ниетин ишке ашыруу үчүн бардык күчтөрдүн биримдиги, социалдык мобилизация, мамлекеттин, жеке тармактын жана жарандык коомдун аракетинин биригиши талап кылынат", - деди ал. 

Ошондой эле Акылбек Жапаров элдик бийликтин орношунун дагы бир белгиси катары коррупциянын жана кылмыштуу топтордун жоюулушу экенин белгиледи. 

"Мурда өлкөдөгү кылмыштуулук орду жана ролу абдан чоң болгон. Ар бир жолу элдик революция деп аталган төңкөрүш орун алган сайын "положенецтердин" ролу күчөй берген.

Башаламандык жана тартипсиздик өкүм сүрүп жаткан кезде расмий бийлик, укук коргоо жана сот органдары коопсуздук менен акыйкаттуулукту орното алышкан эмес. Бул боштукту чыныгы бандиттер ээлеп алышкан. Анын үстүнө мамлекеттик бийликтин коррупцияланышканынан жана саткынчылыгынан эл акыйкаттык таба албай акыркы үмүт менен бандиттерге кайрылып келишкенин да жашырууга болбойт.

Коррупцияланышкан жана криминалдашкан жагдайда укуктук мамлекетти бекемдөө тууралуу ойлонуу дагы болбойт болчу! Мен биринчи кезекте Министрлер Кабинетинин атынан биздин кесиптешибизге - УКМК төрагасына - генерал Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге өлкөгө тартип жана дисциплина орнотуу маселесиндеги күжүрмөндүгү жана эр жүрөктүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирем", - деди Акылбек Жапаров. 

Ошондой эле ал "бүгүнкү бийлик эң бир элдик, таза, күчтүү жана натыйжалуу экенине эч ким күмөн санабай турганын" кошумчалады.