Печать
Категория: Коом
Просмотров: 741

Өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алганы үчүн КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т., аталган дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана  Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. кармалды.

Тактап айтканда, аталган жооптуу кызмат адамдары, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан «Көк-Бөрү», «Кыргыз улуттук классикалык күрөш», «Алыш бел боо күрөш», «Салбуурун», «Кулатуу», «Ат оюндары» федерацияларын көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркия  мамлекетинде өткөрүлгөн “4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына” барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак- ашына, байге фондуна жана “Окуу-машыгуу жыйындарын” өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарын өздөрүнө мыйзамсыз ыйгарып алышканы такталды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында, тиешелүү болгон ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.