Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомго кол койду. Жаңы эрежелерге ылайык, мындан ары кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшү болуп саналган келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик алымдын ставкалары мурунку өлчөмдө калтырылды.
Ал эми накталай төлөмдө эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик ставкалар 10 эсеге жогорулайт:
- эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 10 миң сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 20 миң сом;
эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 50 миң сом.
Токтом менен мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна укуктар менен бүтүмдөрдү жасагандыгы үчүн мамлекеттик алымдын ставкалары да бекитилди.