Печать
Категория: Коом
Просмотров: 279

Министрлер Кабинетинен Ош-Стамбул авиакаттамын кайрадан жандандырууну депутат Нуржигит Кадырбеков суранды. 

Ал бул тууралуу парламент жыйынында айтты. 

"Азыр Европанын бардык өлкөлөрүнөн, АКШдан Кыргызстанга келчү адамдар Стамбул аркылуу учушат. Американын өзүндө эле 50-60 миң кыргызстандык бар. Алар Бишкекке 20 сааттай учушаарын айтышты. Андан ары Бишкекте Ошту көздөй дагы 3-4 саат каттам күтүп отурушат", - деген Кадырбеков Стамбулдан Ошко бир гана кыргызстандыктар эмес Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары да учушаарын белгиледи.