Депутат Асланбек Малиев ушул жылдын 1-сентябрына чейин Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Кабак айылындагы мектептин курулушун бүткөрүшү керек деп эсептейт.
Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Мектептин курулуш иштери 2018-жылы башталган. 90 пайызы даяр болуп калган маалда курулуш иштери токтоп калды. А балдар эски имаратта үч нөөмөттө окуп жатышат", - деди Малиев.