Печать
Категория: Коом
Просмотров: 392

Жогорку Кеңеш үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга багытталган мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга артка жиберди. Эске салсак, бул мыйзам долбоорун 34 депутат демилгелеген. 

Депутат Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоорунда кыргыздын каада-салтына каршы келген нормалар бардыгын белгиледи. 

"Ушундай мыйзам долбоорлорун жазсак эле атактуу болуп, баары бизди жакшы көрүп калат деген ойдон алыс болушубуз керек. Кыргыздын менталитети деген бар да. Аны кайда калтырдыңар? Биз кыргызбыз да. Жөнөкөй эле мисал келтирейин, эгерде күйөөсү менен аялы урушуп кетсе, аял арыз жазса күйөө 10 күндөн 30 күнгө чейин үйүнө жолобош керек. Көпчүлүк жубайлар ата-энеси менен жашайт. Ушунча убакыт күйөөсүн үйүнөн кууп чыккан келиндин анын ата-энеси менен чогуу жашоого абийири жол береби?" - деди Самыйкожо. 

Ал ошондой эле мыйзам долбоорунда ата-энелерге балдарды тарбиялашына кедергисин тийгизчү нерселер бардыгын да кошумчалады. Айтымында, бала ата-эненин үстүнө арыз жазып, аларды түрмөгө каматууга күчү жеткендиктен, ата-эне баласын жаман чөйрөгө кошулба деп тыя албай жана уруша албай калат. 

Спикер Нурланбек Шакиев кесиптешинин айтканын колдоду. Мыйзам долбоору артка кайтарылууга добушка коюлуп, көпчүлүк депутаттардын колдоосун тапты.