Печать
Категория: Коом
Просмотров: 432

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечити Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен капиталдык ремонттон өттү.

Кечээ, 28-майда Ташиев мечиттин оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышып, мечитти жаңылоого демөөрчүлүк кылган депутат Алишер Козуевге, курулуш иштерине салым кошкон жалпы жамаатка ыраазычылык билдирди.

Албетте, калаанын борборунда жайгашкан негизги мечиттин оңдолушу мусулман бир туугандардын баарын кубантты. Реконструкция иштеринде мечиттин ичи-сыртынын ар бир бөлүгү жаңыланган. Буга чейин жыгачтан жасалган айнек-эшиктери пластикке алмашылып, дубал жасалгалары, эмеректери жаңыланды.

Жашылдандыруу-көрктөндүрүү максатында бак-дарактар отургузулуп, жарыктандыруу дагы жолго коюлду. Ошондой эле канализация, жылуулук маселеси көйгөй жаратпай тургандай болуп чечилген.

Мечит 12 жылдан бери оңдоп – түзөөдөн өтпөй, капиталдык ремонтко муктаж болуп турган. Мындан улам, мечиттин жамааты жана шаардын тургундары Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Белгилүү болгондой, Сулайман-Тоо мечити өлкөнүн түштүк аймагындагы эң чон мечит болуп саналат. 2012-жылы курулуп, жалпы жер аянты 1 гектарга жакын.