Жогорку Кеңештин тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова уран калдыктары жаратылышка жана адамдардын ден соолугуна зыянын тийгизип жатканын белгиледи.
Эске салсак, комитет уран жана торий кендерин чалгындоо жана иштетүүгө салынган тыюуну жокко чыгарган мыйзам долбоорун карады.
Жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаев бүгүнкү күндө урандан улам адамдар жаман ооруга чалдыгын жатканы боюнча илимий тастыктоо жоктугун билдирди.
"Табигый уран ден соолукка зыянын тийгизбейт, а байытылганы тийгизет. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча корутундусун берген", - деди ал.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын айтымында, 2018-жылы Кызыл-Омпол кенин иштетүү боюнча маселе көтөрүлгөндө мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн жана ал топуракты, абаны изилдеген, ошондой эле жергиликтүү тургундарга анализ жасалган.