Печать
Категория: Коом
Просмотров: 256

УКМК “Нарын” бажысы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагында КЭРден контрабанда жолу менен алынып келинген жүк ташуучу унаа дөңгөлөктөрү сакталып, сатылып жаткан кампа жайларын аныктады.

Тактап айтканда, УКМК кызматкерлери "Нарын" бажысынын кызматкерлеринин көмөгү менен сотко чейинки өндүрүш материалынын алкагында КЭРден "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ташылып келген товарлардын контрабандасына бөгөт коюуга багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, анын жыйынтыгында жалпы наркы 3 млн.сомдон ашык жүк ташуучу унаалар үчүн дөңгөлөктөрдү мыйзамсыз ташып кирүү каналы аныкталган. 

КР Соода-өнөр жай палатасынын эсебинин жыйынтыгы боюнча аталган схеманын натыйжасында өлкөнүн бюджетине 2 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Учурда аталган материалдын алкагында ушундай эле фактыларды жана бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.