Печать
Категория: Коом
Просмотров: 471

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов энелерди дагы алимент төлөөгө мажбурлоо керектигин айтты. 

Айтымында, аталар балдарын жалгыз багып калган көрүнүштөр көбөйүп баратат. Ошондуктан балдарын атасына таштаган энелерди алимент төлөөгө милдеттендирүү керек. "Бизде бардык жарандардын укугу бирдей", - деди ал.

Санарип министрлигинин калкты каттоо Департаментинин жетекчиси Арсен Миңбаев 2023-жылы Кыргызстанда 44 776 нике күбөлүгү берилгенин жана ушул эле жылы 12 662 ажырашуу катталганын билдирди. 

Депутат Гүлшаркан Култаева акыркы жылдары ажырашуу көбөйүп жатканын тынчсызданды. Айтымында, көбүнчө жаштар ажырашат. "Үй-бүлөлүк кодексте аялы кош бойлуу болсо же баласы бир жашка чыга элек болсо жубайлар ажыраша албайт деп турат. Бирок иш жүзүндө алар ажырашып жатышат, аял колундагы баласы менен алиментсиз калууда", - деди депутат. 

Депутаттардын көтөргөн маселесине жооп иретинде Арсен Миңбаев Үй-бүлөлүк кодексти жана башка мыйзамдарды өзгөртүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.