Печать
Категория: Коом
Просмотров: 276

Өлкөнүн бир катар саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн каражат бөлүндү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Министрлер Кабинетинин тескемеси менен республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүү төмөндөгүдөй каралган:

– Талас медициналык колледжинин жылуулук системасын оңдоого 5,0 млн сом;

– Шаардык балдар клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына лифттерди, медициналык жабдууларды сатып алууга жана соматикалык корпусун кеңейтүүгө жалпы суммасы 70,0 млн сом;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургия борборуна медициналык жабдууларды сатып алууга, операция жана реанимация бөлүмүн капиталдык оңдоого 33,0 млн сом.