Печать
Категория: Коом
Просмотров: 435

"Эгер бул жерде журналисттер болбогондо, мен биздин сүттүн реалдуу сапатын ачык айтып бермекмин", - деди экономика министри Данияр Амангельдиев бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комиетинин жыйынында. 

Депутат Акылбек Туманбаев Министрлер Кабинетинин сынга алып, "карапайым элге камкордук көрбөй жатканын" айтты. 

"Сиздин айтканыңыз жөндүү болсо, анда өлкөдө пенсиялар жана айлык акылар көтөрүлбөйт болчу. Анда өлкөдө салык преференциясы болбойт болчу. Азыр элдин бакыбаттуулугун камсыз кылуу жана бааларды кармап туруу үчүн бюджет 60 миллиард сом жоготуп жатат", - деди министр. 

Ошондой эле фермерлерге ылдыйкы пайыздагы кредиттер берилип жатканын белгиледи. Андан сырткары сүт маселесине да кайрылды. 

"Биз элден эч нерсе аябайбыз. Ар бир кадамыбызды сиздер менен акылдашып жатабыз. Ал эми сүт маселесине келсек, сүткө антибиотиктерди колдонуу жана суу кошуу сыяктуу көрүнүштөр катталган. Эгерде бул жерде журналисттер болбогондо, биздин сүттүн реалдуу сапатын айтып бермекмин", - деди Амангельдиев.