Печать
Категория: Коом
Просмотров: 363

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда Чолпон-Ата шаарындагы президенттик лицейде өткөн “Акылман - билим дүйнөсүндө” аттуу иш-чарага катышты.

Лицейге келгенден кийин мамлекет башчысы мектеп окуучуларынын жол бойлото коюлган сүрөттөрү менен таанышып, алар жасаган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө барды. Экскурсиянын жүрүшүндө Президентке англис тили бурчу, “Керемет Көч” мультфильминин үн коштоо процесси көрсөтүлдү, ошондой эле “Акылман” лицейинин келечектеги өнүгүүсү жөнүндө макеттери бар чакан презентация жасалды.

Садыр Жапаров педагогикалык жамааттын, лицейдин окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин алдында сөз сүйлөп, “Акылман” лицейи Кыргызстандын билим берүү системасына инновацияларды киргизүү менен бул чөйрөдөгү абдан чоң максаттарды көздөп ачылганын айтып, окуучулардын жетишкендиктери менен канааттанганын билдирди.

Президент Кыргызстан дүйнөлүк агымдан артта калбай, улуттук өзгөчөлүгүбүзгө тууралоо менен билим берүүнүн жаңы жолдорун өздөштүрүп, өзүбүзгө адаптация кылып, табигый-илимий, математикалык-техникалык, инновациялык билим берүү чөйрөсүнө өзгөчө көңүл буруу менен өнүгүү жолунда баратканын айтты. Бул багытта “Акылман” лицейинин ачылышы маанилүү кадам болуп саналат.