Печать
Категория: Коом
Просмотров: 412

2024-жылдын 25-май күнү болжол менен саат 01.00-02.00 аралыкта, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1974-жылы туулган тургуну Нурдинов Акбала "Тик ток" социалдык баракчасында "Батл" оюнун ойноп жатып, өзүнүн заарасын ичип жаткан видеосу тараган.

Бул боюнча Нурдинов Акбала өзүнүн заарасы эместигин, ал алдын ала даярдап койгон заарасын түсүнө окшош суусундукту (сок) ичкендигин жана мындан нары терс көрүнүштөр кайталанбай тургандыгын айтып, кечирим сураган.

"Учурда бул фактыга юридикалык баа берүү максатында, Сузак РИИБи тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы.