Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1525

Жакында, 25-майда Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтөт. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарына кабылууларын алдын алуу максатында ата-энелерге, унааны ижарага берген ишкерлерге кайрылып, аларга унааны бербөө керектигин эскертет. 

Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат. Анткени, анын кесепетинен өспүрүмдөр да жаракат алган учурлар кездешүүдө. 

Эскерте кетсек, азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат жана айдоого укугу жок айдоочу унаа башкарган учурда унаасын убактылуу айып аянтчасына токтотулуп, айып салынат.  

"Бул күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кошумча күзөттөрдү коюу менен  күчөтүлон тартипте кызмат алып барат.

Коопсуздук биринчи орунда болушу керек!" - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.