Печать
Категория: Коом
Просмотров: 610

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мектептер, китепканалар жана университеттер сыяктуу 30 уюм АКШдан жалпысынан 12 000ден ашуун англис тилиндеги китептерди алышты. Бул Америка элинен кыргыз элине тартууланган жакшы көргөн китептери экенин АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинен билдиришти.

Бул долбоор Фергана өрөөнүнүн Ротари Клубу, Аялдардын Тынчтык банкы коомдук фонду, ОшМУ, АКШ элчилиги жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тарабынан Президенттик Администрациясы, Билим берүү министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы болуп саналат. Аннаполис Ротари Клубунун "Ак ниет үчүн китептер" аттуу эл-аралык долбоору китептерди чогултууда негизги ролду ойногон.

Жаш балдардан баштап чоңдорго чейин – ар курактагы адамдарга багытталган, темалардын кеңири спектрин камтыган бул китептер англис тилин үйрөнүү үчүн баалуу булак болуп саналат. Бул белек Кыргыз элине англис тилин үйрөнүүгө, жаңы билимдерди алууга жана кийинки муундарга эл аралык достуктун духун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

«Берилип жаткан китептер жөн эле кагаз менен сыя эмес», - дейт АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лессли Вигери, – «Алар англис тилин үйрөнүү дүйнөсүн ачкан ачкычтар жана Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын элдерин байланыштырган көпүрөлөр».

Фергана өрөөнүнүн Ротари клубунун жана Аялдардын Тынчтык банкынын долбоорунун жетекчиси Акылай Карим: «Бул демилге кыргыз-америкалык достуктун, ишенимдин жана кызматташтыктын майрамы болуп саналат», деди. – «Ал оң таасирин узак мөөнөттө тийгизе берет, анткени жаштар бул китептерди окуу менен англис тилин үйрөнүп, келечеги тууралуу чоң тилектерин курушат».

Бул демилге Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана эл аралык достукту илгерилетүү боюнча биргелешкен милдеттенмелерин чагылдырат.