Печать
Категория: Коом
Просмотров: 267

"Эгерде кайсы бир баланын кыйынчылыкта, турмуштук оор кырдаалда турганын көрсөк – мамлекеттик социалдык органга кабарлайлы, кайдыгерлик кылып басып кетсек, кейиштүү абалга туш болорун унутпайлы", - деп айтты президент Садыр Жапаров "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде.

"Бул ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин, өлкөнүн ар бир мекенчил жаранынын милдети деп эсептейм.

Кыргызстандагы ар бир наристе, ар бир бала, ар бир өспүрүм мамлекеттин жана ар бирибиздин камкордугубузда болушу кажет.

Ата Мекенибизде ар бир балага кам көрүлүшү зарыл!" - деди өлкө башчы.