Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизация боюнча кеңешмеде ишкерчиликке жардам берүү мамлекеттин милдети экенин белгиледи.
"Сиздер жакшы билгендей, мен 2005-жылы депутат болуп шайланып, саясатка келгенге чейин ишкерлик менен алектенгемин. Бирок 1990-жылдары ийгиликке жетүү абдан кыйын болгону алигиче эсимде.
Айтайын дегеним, мен ишкерлик кылуу канчалык кыйын экенин жакшы билем. Ишкерлер жеке эле өздөрүн, үй-бүлөсүн камсыздабастан, башкаларга да жумуш орундарын түзүшөт. Алардын эмгек акысын кантип төлөйм деп түнү менен уктабай түйшөлүп чыгат. Мына ушундан эле ишкерлик кылуу канчалык кыйын экенин: чыдамкайлыкты, чарчабай-чаалыкпай, күнү-түнү эмгектенүүнү талап кыларын билсе болот.
Жеке бизнестин түйшүгүн жакындан түшүнгөнүм үчүн үстүбүздөгү жылдын март айында дээрлик көпчүлүк чакан жана орто ишканалар үчүн социалдык төлөмдөрдүн пайызын 27 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча атайын Жарлыкка кол койдум.
Бул – чакан жана орто бизнестин жүгү жеңилдесе деген тилегим эле.
Мындан сырткары, көптөгөн мамлекеттик текшерүүчү органдар ишкерлерге кандайча тоскоолдук кылып келатканы да мага жакшы маалым. Буга чейин эле ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыяланган.
Ошентсе да ишкерлерге дагы көмөк болсун деп, жыл башында текшерүүлөргө дагы бир катуу мораторий киргиздим. Жооптуу жетекчилерге: “Ишкерлерибиз тез арада ирденип алышсын, текшерүүнү шылтоолоп эле тийише бербегиле, жүдөтпөгүлө!”- деп дайыма эскертип келем", - деди ал.
Өлкө башчы ошондой эле өлкөнүн учурдагы ийгилигиндеги Камчыбек Ташиевдин ордун баса белгиледи.
"Ал эми азыркы күнү генерал Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен өлкөдө уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча тартип орногонун көрүп-билип турасыздар. Мындан ары мурункудай көрмөксөнгө салуу, билмексен болуу деген болбойт.
Бандиттер тарабынан ар кандай опузалап акча талап кылуу аракеттери дароо мыйзам чегинде тескелет, тергелет, жазаланат.
Жеке ишкерлерди эле эмес, кайсы бир адамды коркутуп-үркүтүп, акча талап кылгандар дагы мыйзам чегинде эң катуу жазага тартыларын дагы бир жолу эскерте кетейин", - деди.