Печать
Категория: Коом
Просмотров: 863

Көкүрөк чаап, “мен аруу элдин урпагымын, чоң атам бий болгон, менин бабаларым баатыр”-деп мактанган элбиз чынында. Дегеле бир жөнөкөй кыргыз жок. Бүт бий-болуштардын, ак сөөктөрдүн тукумдары. Жок эле дегенде “чоң атасы бир койдун этин жалгыз жеп алган” палван экенин мисал кыла коебуз.

Маселе жок. Баатыр элдин тукумубуз, манастын урпагыбыз. Бирок баатырлыкты терс көрүнүштөргө жумшабай, “ак сөөк кыргыздын урпактары” акылдуу болушубуз керек деп ойлойм. Дүйнө жарышып өнүгүп жатат. Кошуналар ат чабым алдыда, биз илгери ич ара кырылышып, күндө митинг, ар жылда революция кылып жүрүп, өнүгүп жаткан кошуналардын тизмесинин артында калганбызды мойунга алалы. Тай-тай баскан балага окшоп, экономикабыз ирденип бара жатканына 2-3 эле жыл болду.

Өлкө башчы Садыр Жапаров жаны тынбай чапкылап ар кайсы өлкөгө барып, тышкы саясатты, эл аралык байланышты жакшыртуу менен инвестиция алып келип жатат. Жетекчилерибиз башын канжыгага байлап, жанын аманат кылып, 30 жыл бутактап, тамырын жайып, канчалагандын канын ичкен уюшкан кылмыш тобу менен күрөшүп жеңди. Элдин канын соруп, ырыскысын жеген коррупция менен күрөшүп, жеп-ичкендердин уурдаганын элге кайтарышты.

Натыйжаны көрүп, оюңду оңдоп жазсан кошоматчы атка конооруң ажеп эмес. Бул да болсо тээ илгертен биздин мээбизге сиңип калган саясий технологиялардын кесепети. Баатырларды түрмөлөрдүн ичинен издебейли, аруулукту айкырык сөздөрдөн күтпөйлү.

Укмуш өнүгүп кеттик деп айта албайм, кемчиликтер дагы деле бар. Бирок, салыштырып караганда, армиябыз эң акыркы аскердик техникалар менен толукталды, бүт тармакта жаңы техникалар сатып алынды, жаңы мектеп, балдар бакчалары, жолдор, ГЭСтер курулуп жатат.

Бүгүн, Талас облусунда аэропорт ишке берилди. Кубаттуулугу 25 МВт болгон “Бала-Саруу” ГЭСинин курулушу бүтүп, колдонууга өттү. Мамлекет акыркы жылдары аэропорт эмес, стоянка сала алган эмес эле го?!

Урматтуу баатырдын урпактары, бийлердин тукумдары. Мына, ушундай сезилерлик жакшылыктарды кабыл алып, ар бирибиз дагы салым кошпойлубу? Президенттин ниети таза экен, мурдагыларга окшоп ууруларды жанына чогултуп алып мамлекеттин байлыгын тоногон жок. Тоногондордун колун сындырып, болгон байлыкты элдин жакшы жашоосуна багыттап жатат. Биз жок дегенде тартипти сактап, кедергибизди тийгизбей мыйзамга баш ийип жашоону өздөштүрбөйлүбү.

Кыргыздын дагы бир ырыскысы туризм багыты. Алдыбызда сезон башталып, керемет өлкөбүзгө миңдеген туристтердин келүүсү күтүлүп жатат. Биздин өлкөнүн босогосун аттаган адам конок. Кыргыз конок күткөн, меймандос экенин дайым айтабыз. Ар бир келген конок биздин экономикабызга акча калтырып кетет. Бизнес ээлеринин кызматын пайдаланышат. Андыктан, келген конокторду жылуу тосуп, жылмайып тиктеп, жүрөгүн жылытып, акчасын алып калбайлыбы? Ар бир турист- кичи инвестор.

Адилет Калыгулов, журналист